Ссылки доступа

Тажикстанда блогер Абдусаттор Пирмухаммадзода кайра суракка чакырылды


Абдусаттор Пирмухаммадзода

Вахдат шаарынын укук коргоо органдары 9-июлда блогер Абдусаттор Пирмухаммадзоданы кайрадан суракка чакырды. Жакындары ал азыркыга чейин бошотула электигин билдирүүдө.

7-июлда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Вахдат шаары боюнча бөлүмү Пирмухаммадзоданы бир нече саат суракка алган. Андан соң үйүндө тинтүү жүргүзүп, мобилдик телефонун алып коюшкан.

8-июль күнү кечинде журналист Завкибек Саидамини да кармалганы кабарланган. Укук коргоо органдары мунун себебин азыркыга чейин түшүндүрө элек.

Абдусаттор Пирмухаммадзода журналисттер Далери Имомали менен Абдулло Гурбатинин камалышын айыптаган видеороликтерди жарыялагандан бери ага карата кысым күчөгөнү айтылууда.

Акыркы эки айда Тажикстанда бештен кем эмес журналист жана блогер кармалды.

Эл аралык укук коргоо уюмдары тажик бийлигин журналисттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн кысымга алганы үчүн сындап келет. Душанбе айыптоолорду четке кагууда.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG