Ссылки доступа

Кыргызстандагы таштанды тууралуу Канн фестивалына катышкан фильм Бишкекте көрсөтүлөт


Канн эл аралык кинофестивалына катышкан орусиялык жана франциялык режиссерлор Лина Цримова жана Дени Гербрандын "Дөң" ("Холм", La Colline) аттуу даректүү тасмасы Бишкекте көрсөтүлөт. Бул тууралуу тасманын режиссёлору “Азаттыкка” кабарлады.

Бишкектеги таштанды полигонундагы турмушту баяндаган фильм 20-июлда борбор калаадагы Кино үйүндө көрсөтүлөт. 21-июлда болсо "Кудук" маданий борборунда фильмдин режиссерлорунун бири Дени Гербрандын катышуусу менен талкуу өтөт.

"Дөң” тасмасы Бишкектин жанында жайгашкан таштанды полигонунда иштеген кишилердин тагдырын жана күнүмдүк турмушун чагылдырат. Ал быйыл май айында Канн эл аралык кинофестивалында көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG