Ссылки доступа

Нур-Султанда Январда окко учкан кишилердин жакындары адилеттүү тергөөнү талап кылышууда


11-июлда Актөбө, Алматы, Өскемен, Тараз жана Чымкент шаарларынан келген жыйырмадай киши Казакстан президентинин администрациясынын алдында нааразылык билдиришти. Алар Январь окуялары учурунда окко учкан жакындарын актоону, тергөөнү адилет жүргүзүүнү талап кылышты.

Чымкенттеги нааразылык учурунда 19 жаштагы уулу Нурболаттан айрылган Мурат Абдирайым тергөө органдары баласынын кылмышка катышы барын далилдей алган жок деп эсептейт.

—Баламды атып таштагандары аз келгенсип, аны Январь окуясы боюнча шектүү деген тизмеге киргизип коюшту. Балам Чымкенттеги нааразылыкка колуна курал албай, тынч жашоочу катары барган. Кылмышы болсо, сөзсүз көрсөтүшмөк. Себеби укук коргоо органдары бардык окуяны камерага түшүрүп турат. Баламды шектүү деген тизмеден алып таштап, актап беришсин, - деди ал.

Ал борборго келерден мурун укук коргоо органдарына бир нече жолу кайрылганын, жыйынтык болбогонун кошумчалады.

Борбор калаага Алматыдан эмчектеги баласы менен Айгерим Ниязбекова да келген. Анын күйөөсү Кайрат Ниязбеков Январь окуясы учурунда окко учкан. Айгерим тергөө өтө жай жүрүп жатканын, жергиликтүү бийлик эч кандай материалдык жана моралдык жардам көрсөтпөгөнүн айтты.

Шапагат Кадырова болсо Январь окуясынан кийин үч баласы менен жесир калган. Ал Алматы акимчилигинин өкүлдөрү Нур-Султанга барып акция өткөрүшүнө каршы болгонун билдирди.

—Нур-Султанга барсаңар эч кандай жарам бербейбиз дешти. Алардын жардамы биздин сапардан көз карандыбы? Биз чуу чыгаруу үчүн эмес, адилеттүүлүккө жетүү үчүн келдик. Азыр бийлик Январь окуясына карапайым элди күнөөлөп жатат. Жок дегенде өлгөн кишилерди шектүү деп эсептөөнү токтотсун, - деди Шапагат Кадырова.

Президенттин администрациясынын алдында топтолгондорго полициячылар келишип, аларды Башкы прокуратурага барууга чакырышты. Бирок чогулгандар баш тартып, президенттин жооп берүүсүн талап кылышты. Кийинчерээк алар президенттин кеңешчиси жана Башкы прокуратуранын өкүлү менен жолугууга макул болушту. Бирок белгиленген убактытта жолугушуу болгон жок.

XS
SM
MD
LG