Журналист камакка алынды. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө Азамат Турданов аттуу кишинин да аты аталган. Ага да ушуга окшош айып тагылган. Конституциялык түзүмгө кол салууга аракет жасоо иши боюнча бардыгы болуп 14 киши кармалган.
Ведомствонун билдиришинче, 1-июлда “Эл кызматында” гезитинин редактору Даулетмурат Тажимуратов республика жашоочуларын “Каракалпакстандын эркиндиги үчүн” 5-июнда парламент имаратынын алдында митинг өткөрүүгө чакырган.
1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетти, 243 киши жаракат алганы расмий айтылган. 516 киши кармалган.
Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстан Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган эле.
Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду.