"Фтор суутеги нормадан 2-3 эсеге жогорулап кеткен, аммиак, күкүрт суутеги, көмүр кычкыл газынын деңгээли жогорулаган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик экология департаменти менен Тараз прокуратурасынын кызматкерлери зыяндуу заттардын деңгээлин ченөө үчүн окуя болгон жерге жөнөп кеткенин кошумчалады.
Жамбыл облусунун акимчилиги жашоочулардын өмүрүнө коркунуч жок экенин, ушул тапта түтүн каптоо токтогонун маалымдады.
11-июль күнү кечинде Тараздын жашоочулары соцтармактарга шаарды көздү ачыштырган түтүн каптаганын жазышкан.
Минералдык жер семиртикчтерди чыгарган "Казфосфат" заводу Таразда жайгашкан. 7-июнда "Казфосфатта" өндрүш учурунда жумушчу мерт болгон. 2-июлда дагы эки адам өлгөнү кабарланган.