Ссылки доступа

Каракалпакстандагы окуялар тууралуу баяндама АКШ Конгрессине берилет


Каракалпакстанда 1-2-июль күндөрү болгон окуялар боюнча баяндама АКШ Конгрессине берилет. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) караштуу "Дунё" маалымат агенттиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Өзбекстандын АКШдагы элчиси Жавлон Вахобов "Каракалпакстандагы кырдаал тууралуу объективдүү маалымат берүү үчүн" Конгресс мүчөлөрү менен видеоконференция өткөргөн. Анын жыйынтыгында өзбек тараптын Конгресске баяндама берүүгө даяр экени айтылды. Конгресстин протоколу мыйзам чыгаруу органынын расмий документи катары сенаторлор менен конгрессмендердин бардык кеңселерине тарайт.

"Конгрессмендер Каракалпакстан тууралуу маалыматтардын бул документке киргизилиши Конгресс мүчөлөрүнүн бул маселеде тилектеш экенин көрсөттү", – деп жазды агенттик.

5-июлда АКШнын Мамлекеттик департаменти Каракалпакстандагы окуялар тууралуу билдирүү жасап, өзбек өкмөтүн бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган. Мекеменин билдирүүсүндө АКШ Өзбекстандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганы жазылган.

Өзбекстандын өкмөтү 1-2-июль күндөрү Каракалпакстанда 18 киши өлүп (анын ичинде 4 укук коргоо кызматкери), 240тан ашык адам жараат алганын билдирген. Өзбек бийлиги коопсуздук күчтөрү нааразылык акцияга чыккандарга карата ок атканын четке кагууда.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев окуя боюнча толук, анын ичинде күч органдарынын пропорционалдуу күч колдонуусу боюнча иликтөө жүргүзүлөрүн айткан.

XS
SM
MD
LG