Ссылки доступа

Талибдер ооган-тажик чек арасына кароол мунарасын куруп жатышат


Ооган-тажик чек арасындагы Пянж дарыясы
Ооган-тажик чек арасындагы Пянж дарыясы

"Талибан" кыймылынын жана "Тажик талибдери" деп аталган топтун өкүлдөрү ооган-тажик чек арасына кароол мунарасын куруп жатышат.

Курулуш иштери жүрүп жаткан тоонун боорунда "М.Арсалон" деп жазылган граффити пайда болду. Тажикстандын расмий бийлик өкүлдөрү муну "атайын жасалган чагымчылдык" деп баалап жатышат.

М. Арсалон – 27 жаштагы тажик жараны Мухаммад Шариповдун каймана ысымы Махди Арсалондун аты-жөнүнүн кыскартылып жазылышы. Буга чейин талибдер ага Ооганстандын Дарваз районундагы чек ара аймагынын бир бөлүгүн башкаруу укугун берген.

Арсалон терроризм айыбы менен сегиз жылдан бери Тажикстанда издөөдө жүрөт. Тажик бийлиги Арсалон баштаган Тажикстандын 200дөн ашык жараны талибдер менен бирге "Тажик Талибан" деген аталыш менен белгилүү топту түзгөнүн билдирип келет.

Тажикстандын Ооганстан менен чектешкен Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы чек арачылардын бири тоо боорундагы граффити талибдер Тажикстанга жөнөтүп жаткан башаламандыктардын символикалык коркунучу экенин билдирүүдө.

"Махди Арсалондын аты-жөнү Тажикстандын аймагынан оңой окула тургандай чоң тамгалар менен жазылган. Алар мындай жол менен биздин ачуубузду келтирип, чагымчылдык кылып жатышат. Андагы тажик жоочулардын көбү Тажикстандын жарандары, бул жерде издөөдө жүрүшөт. Алар дээрлик күн сайын курулуп жаткан кароол мунарасына келип, үн күчөткүч менен тажик тилинде Тажикстандын бийлигин кемсинткен сөздөрдү айтып жатышат", – деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген чек арачы.

Маалыматка караганда, Арсалон буга чейин Дарваз провинциясынын беш районундагы чек араны кайтаруу үчүн жооптуу болгон. Бирок кийинчерээк ал жоочулары менен бирге Бадахшан провинциясынын түндүк-чыгышындагы Хвахан районуна которулган.

Хвахан Тажикстандын Шамсиддин Шахин району менен чектешет. Бул ооган-тажик чек арасындагы эң тынчы жок аймак болуп эсептелет.

Тажик бийлиги талибдердин тажик жоочуларына чек араны көзөмөлдөөгө расмий укук бергени "Талибанга" карата ишенбөөчүлүктү күчөтүп, Ооганстан тараптан коркунуч жаратып жатканын билдирген.

Талибдер Ооганстанда тажик жоочулары бар экенин ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

"Талибан" түзгөн өкмөттүн басма сөз катчысы Забихулла Муджахид 4-июлда "Озоди" радиосуна маек берип, Тажикстан тоо боорундагы граффитиге же жоочуларга байланыштуу тынчсызданбай эле койсо болорун айткан.

"Кайсыл бир топтордун коңшу өлкөлөргө кол салуу үчүн Ооганстанды пайдаланышына жол бербейбиз. Эгер тажик бийлигинде кандайдыр бир суроолор пайда болсо же кооптонуулары болсо биз менен расмий түрдө сүйлөшсө болот. Биз Тажикстандын өкмөтү биз менен расмий диалогго барып, ортодо ишенимдин жаралышын каалайбыз", – деген Муджахин.

Тажикстандын бийлиги Ооганстандагы "Талибан" кыймылы түзгөн өкмөттү тааныбай, алар менен кызматташуу тууралуу сөз кылбай келет. Мындан тышкары Душанбе мурдагы ооган өкмөтүнүн мүчөлөрү Ооганстандан качып баратып таштап кеткен учактар менен тик учактарды талибдерге өткөрүп берүүдөн баш тартууда.

Учурда Тажикстанда "Талибан" бийлигине каршы болуп жаткан ооган оппозициясынын бир нече лидери, анын ичинде Ооганстандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун лидери Ахмад Мусад жүрөт.

XS
SM
MD
LG