Ссылки доступа

Зордуктоо иши: айыпталуучулар күнөөнү моюнуна алган жок


12-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоо иши боюнча жараян уланды.

Бул ишке эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир киши айыпталууда. Жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султановдун айтымында, бүгүнкү отурумда үч күбө суралып, бирөө келбей калгандыктан кийинки жараян 13-июлга жылды.

"Азыркы күндө айыпталуучулар күнөөнү моюнуна алган жок. Соттук териштирүүдө алардын дагы позициясын билебиз. Аларды дагы сурайбыз", - деди жактоочу.

Султановдун айтымында, сотто айыпталуучулардын жактоочусу ал коргоп жаткан кишинин сүрөтүн социалдык тармактарга таратып жаткандарды жоопко тартууну суранган.

12-июлдагы отурумга Акыйкатчы институтунун жана Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү киргизилген жок. Сот жабык өттү. "Азаттыктын" журналисти жеринен кабарлагандай, азырынча соттон алардын эмнеге киргизилбегени боюнча түшүндүрмө боло элек.

8-июлдагы отурумда да Акыйкатчы институтунун өкүлү киргизилген эмес. Анда судья Азиз Эшалиев Акыйкатчынын өкүлү сотко катышуусуна айыпталуучу тарап каршы болгонун жүйө келтирген.

2-июлда "Азаттык" милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы отурум Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылган.

XS
SM
MD
LG