Ссылки доступа

Тажикстанда "күч менен армияга алып кетүү" учуру тартылган видеолорду таратуу үчүн жаза киргизүү сунушталууда


Тажикстандын Коргоо министрлиги өлкө армиясы тууралуу "жалган маалыматтарды", анын ичинде "өспүрүмдөрдү аскерге күч менен алып кетүү учурлары тартылган видеолорду" таратуу үчүн административдик жаза киргизүүнү сунуштады.

Мекеме "Административдик укук бузуулар тууралуу" кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун 12-июлда парламенттин төмөнкү палатасына алып чыкты. Ага ылайык, өлкөнүн армиясы тууралуу "жалган маалымат" таратууга күнөөлүү деп табылгандарга айып пул салынып же административдик камакка алынат. Азырынча айып пулдун өлчөмү менен камактагы мөөнөт тууралуу маалыматтар жок.

Тажик бийлиги "жалган маалымат таратуу - калктын армияга болгон ишеними менен колдоосун азайтып", "өлкөнүн кадыр-баркына жана коргонуу жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизе турганын" билдирүүдө.

Жергиликтүү укук коргоочулар Коргоо министрлиги мындай жол менен ЖМКлардын "өспүрүмдөрдү армияга күчтөп алып кетүү" учурлары тууралуу маалыматтарды таратуусун чектегиси келип жатат деп эсептөөдө.

Тажикстанда жыл сайын аскерге чакыруу өнөктүгү башталганда жаштарды көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурлар тартылган көптөгөн видеолор тарайт. Мындан тышкары ЖМКлар менен соцтүйүндөргө армиядагы чоңсунуу, зомбулук учурлары жана уставдан тыш мамиледен улам көз жумган жоокерлер тууралуу макалалар да чыгып турат.

Тажикстанда аскерге чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө өтөт. 18-27 жаштагылар аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү.

Тажик бийлиги өлкөдө "аскерге күч менен алып кетүү" тажрыйбасы жок экенин айтып, ошол эле маалда чакыруу алгандар аскердик комиссариаттарга өз каалоосу менен барбаса, милиция кызматкерлери аларды кармап келүүгө укуктуу экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG