Төрт күн мурда Вахдат облустук ички иштер башкармалыгына суракка чакырылган блогер Абдусаттор Пирмухаммадзода үйүнө кайтып бара элек. Бийлик кармалган журналист менен блогер кандай иштерге айыпталып жатканы боюнча маалымат берген жок.
Саидамини менен Пирмухаммадзоданын жакындары алардын адвокаттары жок экенин жана кандай шартта кармалып турганы белгисиз болуп жатканын билдиришти.
Пирмухаммадзоданын жакындарынын бири милиция кызматкерлери журналисттин мобилдик телефону менен банк картасын алып коюшканын, бүгүнкү күнгө чейин анын кандай ишке айыпталып жатканы боюнча маалымат жок экенин айтты.
"Бизге телефон аркылуу Абдусаттор 10 суткага камакка алынганын айтып, облустук ички иштер башкармалыгынын алдында токтоп турган унаасын алып кеткиле дешти. Бизге аны көрсөтпөй жатышат. Анын эмне себептен кармалганы жана азыр кайда кармалып турганы белгисиз", – деди ал.
Буга чейин "Садои Душанбе" радиосунда иштеген Пирмухаммадзода акыркы жылдары такси айдап, блогерлик кылып жүргөн. 2020-жылы ноябрда ал бийлик жумушсуздукка, айып пулдардын жогору экенине жана адамдардын оор жашоо шартына кайдыгер болуп жатканы тууралуу видеокайрылуу жасаган. Анын бул билдирүүсү социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынган.
Журналист Завкибек Саидамини 8-июлда Душанбеде кармалып, Вахдат шаарына жеткирилген. Азыр анын кайсыл жерде кармалып турганы белгисиз.
Тажикстанда акыркы эки айдын ичинде жети блогер жана журналист камакка алынды. Алар боюнча эч кандай расмий маалымат жок. Айрым журналисттер менен активисттер бийликтин кысымына кабылып жатышканын билдирүүдө. Жакында эле "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, укук коргоо органдары Тоолуу Бадахшандан чыккан үч активисттин компьютерлери менен смартфондорун алып коюшканын кабарлаган. Активисттер тергөөчүлөргө сурак бергенден кийин кое берилген. Аларга кандайдыр бир айып тагылган-тагылбаганы боюнча расмий маалыматтар жок.
Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары тажик бийлигин бир нече жолу жарандык активисттерге карата басымды жана журналисттердин ишине тоскоолдук кылууну токтотууга чакырышкан. Расмий Душанбе мындай чакырыктарга эч кандай реакция кылбай келет.