Казакстандын ар кыл аймагынан келген кишилер Акордонун канцеляриясынын алдында түнөшкөн. Алардын арасында төрт айлык ымыркайы бар келин да жүрөт.
Чогулгандар иликтөөнү акыйкат жүргүзүүнү жана маркумдарды актоону талап кылууда. Өлгөндөрдүн көбү жапырт баш аламандыкка катышууга күнөөлөнгөн.
— Президент биз менен сүйлөшсүн. Себеби биз прокуратурада жана башка мекемелерде болдук. Бирок жыйынтык жок. Эми биз дооматыбызды президентке гана айтышыбыз керек, — деди Арайлым Сагатбекова.
Сагатбекова Акордодо эки күн түнөшкөнүн, айрымдары ооруп калганын айтты.
— Арабызда Айгерим аттуу келин да бар. Төрт айлык баласы менен таңдан кечке чейин биз менен жүрөт. Айгеримдин күйөөсүн январда атып кетишкен, ал кезде ал кош бойлуу болгон. Ал күйөөсү үчүн адилеттүүлүктү талап кылууда. Эч кандай кенемте же үй-бүлөгө жардам берилген эмес. Биз иликтөөнүн жыйынтыгын жарым жыл күттүк, бирок натыйжа жок. Биз жайбы же кышпы, карбы же жаанбы – талаптар аткарылмайынча ушул жерде болобуз. Көйгөйлөрүбүз чечилмейинче кетпейбиз, —деди Сагатбекова.
Тараздык Бакытжан Шынгысбековдун айтымында, чогулгандардын арасында Алматы, Семей, Өскемен, Кызылордо жана Тараздын жашоочулары бар. Шаршембиде аларга дагы бир нече шаарда өлгөндөрдүн жакындары кошулууга ниеттенүүдө.
Нааразылыкка чыккандардын билдиришинче, нур-султандыктар аларды колдоп, ысык тамак, суу, төшөнчү алып келип беришүүдө. Полициячылар көз салып турат. Прокуратура өкүлдөрү 15 күн аралыгында жооп кайтарышарын билдиришкен.
Расмий статистикада январь окуялары маалында 232 кишинин мерт кеткени, алты кишинин кыйноолордон каза тапканы айтылып жүрөт.
Эл аралык укук коргоо уюмдары казак бийлигин кан төгүүнү адилет, ачык-айкын териштирүүгө, ал ишке чет жактан келген эксперттерди тартууга үндөп келатат. Бирок Нур-Султан ал сунуштан баш тарткан.