Ссылки доступа

Казакстанда Карим Масимовдун тууганы кармалды


Павлодар облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы,  Казакстан Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимовдун тууганы Нурлан Масимов Орусия менен чек арада кармалды.

Казакстандын антикоррупциялык кызматы тараткан билдирүүдө Нурлан Масимов жасалма документ менен 13-июлда Орусияга чыгып кетүүгө аракет жасаган маалда кармалганы айтылат.

Январда полиция департаментинин жетекчи кызматынан кеткен Масимов апрелден бери издөөдө жүргөн. Казакстандын антикоррупциялык кызматы ал ири өлчөмдө пара алууга шектелип жатканын билдирип, жүргөн жерин кабарлагандарга 12 миллион теңге сый акы жарыялаган.

Нурлан Масимовдун агасы Карим Масимов 6-январда кызматтан алынып, ошол эле күнү кармалып, тергөө абагына камалган. Ага алгач “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып тагылган, кийин “бийликти басып алуу” беренеси кошулган.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG