Быйыл 1-июлда 12 жаштагы Мунаввара менен 10 жаштагы Марям суу сактагычка чөгүп кеткен.
“Куткаруучулардын жардамы менен бир кыздын сөөгүн таптык. Эми экинчисиникин таба албай жатабыз. Суунун агымы өтө тез жана муздак. Ошондуктан сөөктү издөө оор болуп жатат. Жалгыз жол – сууну агызы жиберүү”, - деди Хуршед Хамроев
Былтыр суу сактагычтын айланасы тосулуп, бирок кээ бир тилкелери ачык калган. Кыздар дал ошол жерден киришкен.
Расмий маалыматка караганда, жыл башынан бери Тажикстанда 67 киши сууга чөгүп кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү балдар.