Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада 1104 кишиден коронавирус аныкталды


Казакстанда акыркы бир сутканын ичинде коронавирус жуктурган 1104 жаңы учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19га кабылгандардын жалпы саны 1,3 миллионго жетти.

Жаңы учурлардын эң көбү Алматы (350), Нур-Султан (328) жана Чымкент (102) шаарларында катталды. Калган аймактарда коронавирус жуктургандардын саны 100дөн ашпайт.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын 14-июлдагы маалыматына ылайык, учурда 503 бейтап стационардык, 3 974 киши амбулатордук даарылануудан өтүүдө. Алардын ичинен 14 бейтаптын абалы оор экени айтылууда.

Бүгүнкү күндө коронавирустун жайылуу темпи боюнча Алматы шаары "сары", калган шаарлар менен аймактар "жашыл" зонада жайгашкан.

Алматы бийлиги коронавирус жуктургандардын көбөйгөнүнө байланыштуу олуттуу чектөөлөрдү киргизбестен, жарандарга адамдар көп топтолгон жерлерде жана коомдук транспорттордо беткап тагынып жүрүүнү сунуштады. Чектөөлөрдү киргизүүгө бизнес-коомчулук да каршы болууда. Алар ишкерлер "эми гана пандемияга чейинки деңгээлге кайтып келгенин", чектөөлөр кирсе ишканалардын көбү жабылып каларын билдирүүдө.

13-июлга карата Казакстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи компонентин 9,5 миллион, экинчисин 9,3 киши алды. Маалыматка караганда, азыр ооруп жаткан бейтаптардын 80% эмдөөдөн өткөн эмес же жарым жылдан кийин ревакцинация алган эмес.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG