Ссылки доступа

Тажикстандын Эсеп палатасы: Улуттук банк бюджетке 115 миң доллар каржылай зыян келтирген


Тажикстандын Эсеп палатасынын аудиторлору Улуттук банктын каржы ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда 1,2 млн сомони (115 миң доллардан ашык) өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталганын билдиришти.

Эсеп палатасынын төрага орун басары Файзали Ахмадзода бул сумма акчалай-материалдык каражатты коромжуга учуратуу, ремонттук-курулуш иштеринин баасын жогорулатуу, төлөнбөгөн салык сыяктуу мыйзамсыз иштерди текшерүү учурунда аныкталганын айтты.

Текшерүү жаңы гана аяктагандыктан, Улуттук банк аткаминерлеринин жоопкерчилиги карала элек.

Эсеп палатасы мурда да Улуттук банктан каржылай мыйзам бузууларды аныктап келген. Маселен, 2015-жылы чет элдик валютаны сатуу тартибин бузганы үчүн банктын алты кызматкерине протокол түзүлүп, материалдар башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Тажикстанда Эсеп палатасы расмий түрдө 2011-жылы өз ишмердүүлүгүн баштаган. Ал мамлекеттик бюджеттин аткарылышын баалоо үчүн көз карандысыз тышкы аудит жүргүзгөн жогорку каржы көзөмөл органы болуп эсептелет.

Видео

Видео

Соң-Көл жайлоосундагы бала бакчалар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:40 0:00
XS
SM
MD
LG