Ссылки доступа

УКМК: милиционердин үйүнөн мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер табылды


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилеринин биринин үйүнөн өлкөгө мыйзамсыз кирген үч чет өлкөлүк табылганын маалымдады.

"Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү") негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек райондук ИИБ жетекчилеринин бири У.Ж.Н. үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда Кыргызстанга мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин үч жараны аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат милиция кызматкери чет өлкөлүк жарандарды үйүндө иштетип жатканын билдирди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ жана Лейлек райондук милициясы комментарий бере элек.

Кыргызстанга коңшу Өзбекстан, Тажикстандан эмгек мигранттары келип иштешет. Алар чек араны мыйзамдуу өтүп, эмгектенүү үчүн патент алышы керек.

XS
SM
MD
LG