Өлкөнүн Борбордук банкы 1000 сум номиналындагы монетаны жыл соңуна чейин жүгүртүүгө киргизүүнү пландап жатат. Азырынча анын дизайны коомчулукка көрсөтүлө элек.
Жыл башында Борбордук банктын төрагасы Мамаризо Нурмуратов каржы көзөмөл мекемесинде жаңы 1000 сумдук банкнотаны чыгаруу ниети жок экенин, ал монетага алмаштырыла турганын айткан.
Өзбекстанда 1000 сумдук банкнот дээрлик жүгүртүүдөн чыгып калган — 2021-жылы анын накталай акча базарындагы үлүшү 1,4% чейин төмөндөгөн. Буга ири номиналдагы банкноталардын үлүшү көбөйгөнү себеп болгон.
Буга чейин Өзбекстандын Борбордук банкы 15-июлдан тарта 200 миң сумдук жаңы банкнотту жүгүртүүгө киргизүү чечимин кабыл алганы кабарланган.