Ссылки доступа

"Дөө Чыңгыз" атка конгон Жумагулов кармалды


Кылмыш дүйнөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов 15-июлда Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы Жумагуловду кармоо уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана ишкерлерден ири суммада акча талап кылуу фактыларынын негизинде жүргөнүн кабарлады.

Жумагулов УКМКнын тергөө абагына камалды.

Маалыматта кримтөбөлдүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандар УКМКга кайрылса болору жазылган.

8-июлда Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында Чыңгыз Жумагуловду кармоо маалында ага ок тийгенин, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөнүн журналисттер жазып чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чүйдө кылмышкер изделип жатканын, бирок Чыңгыз Жумагулов менен атышуу болбогонун билдирген.

2016-жылы Жумагулов адам өлтүрүүгө катышуу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу, кылмыштуу топ түзүү деген айыптар боюнча күнөөлөнүп, абактан эки жылдан кийин бошотулган.

2020-жылдын 11-апрелинде Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шек саналып кармалган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.

2020-жылдын 19-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны бул окуяга байланыштуу "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" жана "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренелери боюнча актап, "Ээнбаштык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп тапкан жана беш жылга абакка кескен.

2021-жылдын 12-июлунда Жумагулов абактан чыккан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн сот чечими менен мыйзамдуу бошотулганын билдирген. Анын тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелгени айтылган.

XS
SM
MD
LG