Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору 25-июнда жарыяланган жана коомдук талкууга алуу үчүн 10 күн берилген. Бирок 1-2-июлда Нукуста болгон окуяларга байланыштуу Олий Мажлис талкуу мөөнөтүн дагы 10 күнгө жылдырган.
4-июлда Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу платасы Конституциянын жаңы редакциясында Каракалпакстан Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө беренени өзгөртүүсүз калтырууну чечкен.
Референдумдун датасы жарыялана элек. Референдумда Мирзиёвдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, жаңы президенттин ыйгарым укуктарын 5тен 7 жылга узартуу сунушталууда.
Ушуну менен конституциялык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду талкуулоо үчүнчү жолу узартылууда. Конституциялык комиссиянын маалыматына караганда, конституицялык реформалар боюнча калктан 85 миң сунуш түшкөн.