Маалыматка караганда, кылмыш иши Экономикалык кылмыштарды иликтөө кызматынын Жамбыл облустук департаментинде "Монополиялык ишмердүүлүк" беренеси менен катталды.
Каржы көзөмөл агенттиги заводдун жетекчилиги "аммофос сатууда мыйзамсыз жогорку бааны белгилөө жолу менен" пайда көрүү максатында "монополдук абалынан" пайдаланган болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.
Күн мурун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөт жыйынында жер семирткичтерди өндүргөн завод товарын аффилирленген компанияга сатып, өз кезегинде ал баасына дагы 30% кошуп сатып келгенин айткан.
"Казфосфат" заводун Нурхан Нурланов жетектейт. Жергиликтүү басылмалар ал Мажилистин мурдагы төрагасы Нурлан Нигматулиндин уулу экенин жазууда.
Январдагы кандуу окуялардан кийин экс-президенти Нурсултан Назарбаевге жакын делген бир катар жогорку кызматтагы аткаминерлер жумуштарынан кеткен. Нурлан Нигматулин парламенттин төмөнкү палатасынын спикерлигинен 1-февралда кеткен.
11-июлда "Казфосфат" заводунда кырсык болуп, Тараздын жашоочулары соцтармактарда шаарды көздү ачыштырган түтүн каптаганына даттанышкан.
"Фтор суутеги нормадан 2-3 эсеге жогорулап кеткен, аммиак, күкүрт суутеги, көмүр кычкыл газынын деңгээли жогорулаган эмес", — деп билдирген анда Казакстандын Экология министрлиги.
Жамбыл облусунун акимчилиги жашоочулардын өмүрүнө коркунуч жок экенин, түтүн каптоо токтогонун билдирген.