Ссылки доступа

Казакстандын Жарандык авиация комитети авиакаттамдардын кечигүү фактыларын текшерет


Казакстандын жарандык авиация комитети Air Astana жана ага энчилеш FlyArystan авиакомпанияларынын каттамдарынын “көп кечиккени” тууралуу фактыларды текшере турганын кабарлады.

"Соцтармактарда тараган Air Astana менен FlyArystan авиакомпанияларынын Алматы — Мале, Нур-Султан — Ташкент, Алматы — Костанай жана башка багыттар боюнча каттамдарынын кечиккени жөнүндө даттанууларга байланыштуу Казакстандын авиация акимчилиги атайын текшерүү иштерин өткөрөт. Жүргүнчүлөрдүн укугу чектелгени аныкталса, авиакомпаниялар административдик жоопкерчиликке тартылат", деп жазылган комитеттин билдирүүсүндө.

Air Astana авиакомпаниясы шаршембиде Мальдив аралдарына уча турган каттам учуу учурунда аныкталган техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кечиккенин билдирген.

Жарандык авиация комитети кечиккен каттамдардын жүргүнчүлөрүн cc@сaakz.kz электрондук дарегине кат жүзүндө арыз менен кайрылууга чакырды.

Комитет муну менен бирге каттамдар авиакомпаниялардын күнөөсүнөн улам кечигип калса же жокко чыгарылса, жүргүнчүлөргө эне жана бала бөлмөсү берилүүгө тийиш экенин эске салат. Каттам эки саатка кечиксе, жүргүнчүлөргө муздак суусундуктар, төрт сааттан ашса, ысык тамак берилиши керек. Эгер каттам андан да көп кечиксе, күндүз алты саат сайын, түнкүсүн сегиз саат сайын ысык тамак берилиши абзел. Күндүз сегиз сааттан ашык, түнкүсүн алты сааттан ашык күткөн жүргүнчүлөрдү авиакомпания мейманкана менен камсыздоого милдеттүү.

XS
SM
MD
LG