Ссылки доступа

Тажик офицери Холбаш Холбашовдун иши Жогорку сотко жөнөтүлдү (видео)


Холбаш Холбашов

Чек ара кызматынын генералы Холбаш Холбашовдун иши боюнча тергөө аяктап, материалдар Жогорку сотко жөнөтүлдү.

Тажикстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү билдиргендей, Холбашовдун иши боюнча Рушан районунун 77 жашоочусу жоопкерчиликке тартылган.

Башкы прокуратуранын кызматкери Мансур Ганизоданын билдиришинче, Холбаш Холбашовго кылмыштуу уюм түзүү, киши өлтүрүүгө аракет жасоо, терроризм боюнча айып тагылган.

Тажикстан чек ара кызматынын жогорку кызматтагы мурдагы офицери Холбаш Холбашов Тоолуу Бадахшандагы соңку май окуяларынан кийин кармалган. Тажик бийлиги аны Рушан районунда уюшкан кылмыштуу топту түзгөндөрдүн бири катары сыпаттаган. Ал жарандык активист Ульфатхоним Мамадшоеванын күйөөсү. Активист дагы Хорог менен Рушандагы башаламандыктарга катышы бар деген айып менен камалган.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Хорог шаары менен Рушан районундагы абал 16-майда кескин курчуп кеткен. Бийлик “антитеррордук операция” жарыялаган. Расмий маалыматтарга ылайык, нааразылык акциясында 16 киши өлгөн. Жергиликтүү жашоочулар курмандык мындан алда канча көп экенин билдирип келишет.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG