Комиссия ири көлөмдөгү арам акчаны адалдоо белгилери бар бир нече резонанстуу иш өзгөчө көзөмөлдө экенин белгиледи. Бул иштерге байланыштуу шектүү катары Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Нарабаевдин жээни Кайрат Сатыбалдынын, анын мурдагы аялы Гүлмира Сатыбалдынын, Дариги Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаевдин жана Алия Назарбаевага байланышы бар делген “Оператор РОП” компаниясынын жетекчилеринин аты аталган.
Маселен, коррупцияга каршы кызмат текшерип жаткан иш боюнча айыпталуучулар Люксембургдан 170 млн АКШ долларын өз эрки менен кайтарышкан.
Комиссия “Казактелеком” улуттук компаниясынын 28,75%, “Транспорттук сервис борборунун” 100%, “Акмолит” компаниясынын 100% акциясы толугу менен мамлекетке кайтарылганын билдирди.