Ссылки доступа

Мажилистин мурдагы спикеринин уулу башкарган завод ири өлчөмдө мыйзамсыз киреше табууга айыпталууда


Минералдык жер семирткичтерди чыгарган «Казфосфат» заводунун жетекчилигине карата «монополия аркылуу 697 миллион теңге мыйзамсыз пайда тапты» деген шек менен сотко чейинки тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы кабарлады.

15-июлда Тараздагы «Казфосфат» заводунун жетекчилигине карата сотко чейинки териштирүү башталганы белгилүү болгон.

Каржы көзөмөлү агенттиги «завод аммофосту сатуу учурунда монополиялык үстөмдүгүнөн пайдаланып, жогорку баа коюу аркылуу мыйзамсыз пайда табууну көздөгөн» деп кабарлады.

Буга чейин Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жер семирткич заводу өз өнүмдөрүнүн ири бөлүгүн өзүнө тиешелүү компанияларга сатканын, алар андан ары 30% жогорку баа менен кайра сатышканын билдирген.

Жергиликтүү басылмалардын жазышынча, «Казфосфат» заводун парламент мажилисинин мурунку төрагасы Нурлан Нигматулиндин уулу Нурхан Нигматулин башкарат. Ал быйыл Январ окуяларынан кийин парламенттин төмөнкү палатасынын спикерлигинен кеткен.

11-июлда «Казфосфат» заводунда кырсык болуп, Тараздын жашоочулары соцтармактарда шаарды көздү ачыштырган түтүн каптаганына даттанышкан.

«Фтор суутеги нормадан 2-3 эсеге жогорулап кеткен, аммиак, күкүрт суутеги, көмүр кычкыл газынын деңгээли жогорулаган эмес», — деп билдирген анда Казакстандын Экология министрлиги.

Акыркы эки айда ишканада үч жолу авария болуп, анын эки учуру адам өлүмү менен коштолгон.

XS
SM
MD
LG