Ссылки доступа

Өзбекстан Ооганстандан ракетадан кайрадан аткылоо болгонун төгүндөдү


Өзбекстандын Коргоо министрлиги Ооганстандан үчүнчү жолу ракетадан аткылоо болгону тууралуу соцтармактардагы маалыматты төгүндөдү.

«Бул маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт. Өзбекстан менен Ооганстандын мамлекеттик чек арасын толугу менен өзбек аскер кызматкерлери көзөмөлдөйт. Абал туруктуу», — деп айтылат маалыматта.

5-июлда Термезге Ооганстандан беш реактивдүү снаряд түшкөнү, төрт үй зыянга учураганы айтылган.

Апрелде ИМ террордук тобунун Хорсан бөлүмү Өзбекстанды ракета менен аткылоого аракет жасаганы, бирок снаряддар өзбек чек арасына жетпей калганы кабарланган.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG