Ссылки доступа

Индиана штатындагы ок атуудан төрт киши өлдү


Гринвуд шаарындагы Greenwood Park соода борборундагы ок актуудан төрт киши өлдү. Бул тууралуу BNO News телеканалы полицияга шилтеме берүү менен билдирди.

Associated Press кабарлагандай, кылмышка шектүүнү куралчан башка киши атып өлтүргөн.

Гринвуд шаардык полиция башкармалыгынын башчысы Жим Исон шектүү Greenwood Park соода борборунун фудкортунда винтовкадан ок атканын айтты. Күбөлөр кеминде 30 жолу мылтык үнүн угушкан. Ал үч кишини атып өлтүргөн, андан соң аны курачан башка жаран атып таштаган.

Окуядан дагы эки киши жаракат алган. Алар ооруканага жеткирилди.

Гринвуд шаарында 60 миңден ашуун киши жашайт.

Акыркы айларда Кошмо Штаттарда жапырт ок чыгаруу учурлары көбөйгөндүктөн, президент Жо Байден Конгрессти өлкөдө ок атуучу курал сатууга тыюу салууга жана курал сатып алуу боюнча жаш ченин 18ден 21ге көтөрүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG