Ссылки доступа

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Рушан районунда атайын операциядан кийин тартылган видеону текшерет


Тажикстандын Башкы прокуратурасы Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун Рушан районундагы атайын операция учурунда күч түзүмдөрү тарткан видеону текшерет. Видеодо жергиликтүү жашоочулардын кандай жагдайда өлгөнү чагылдырылган.

1,5 мүнөттүк видеону журналист Рустами Жонни Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Анда ОМОН кызматкерлери өлгөн кишилердин сөөгүн чогултуп, алардын колуна курал карматуу тууралуу буйрук берип жүрүшкөнүн көрүүгө болот.

Тажик бийлиги бул видео качан, кайсы жерде тартыланын айткан жок. Рустами Жонинин билдиришинче, видео атайын операциядан кийин тартылган, ошол маалда Рушан районунун беш тургуну Ёдгор Гуломхайдаров, Алишер Почоев, Хабиб Мавлододов, Жангибек Шехбуров жана Дохунд Паллаев каза болгон.

"Бул сүрөттөрдү мамлекеттик телеканалдар кайра-кайра көрсөтүп, каза болгондорду бийликке куралдуу каршылык көрсөттү деп айыптады. Видеожазуу Гуломхайдаров Ёдгор, Почоев Алишер, Мавлододов Хабиб, Шехбуров Жангибек жана Паллаев Дохунддун сүрөттөрү атайын жасалганын далилдейт", - деди Рустами Жони.

Соцтармактардын башка колдонуучулар ИИМдин “фейк” сүрөттөрүндөгү автоматтар жаңы экенин байкашкан.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Хорог шаары менен Рушан районундагы абал 16-майда кескин курчуп кеткен. Бийлик “антитеррордук операция” жарыялаган. Расмий маалыматтарга ылайык, нааразылык акциясында 16 киши өлгөн. Жергиликтүү жашоочулар курмандык мындан алда канча көп экенин билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG