Ссылки доступа

Нукуста жараланган дагы үч киши көз жумду


1-2-июлда Нукуста өлгөн кишилердин саны 21ге жетти. Бул тууралуу 18-июлда өткөн брифингде Өзбекстан Башкы прокуратурасынын маалымат катчысы Хаёт Шамсутдинов билдирди.

“Дарыгерлердин аракетине карабай, абалы өтө оор болгон дагы үч киши көз жумду”, - деп белгиледи ал.

Буга чейин толкундоолор учурунда 18 киши өлгөнү, арасынан төртөө укук коргоо органдарынын кызматкерлери экени айтылган. Шамсутдинов ооруканаларда 16 киши бар экенин кошумчалады. Жалпысынан 274 адам медициналык жардам сурап кайрылган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, укук коргоо органдарынын 141 кызматкери жабыркаган.

Каракалпакстанда нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган эле.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдогон.

XS
SM
MD
LG