Ссылки доступа

Тажикистанда журналист Абдусаттор Пирмухаммадзода экстремизмге айыпталууда


Абдусаттор Пирмухаммадзода
Абдусаттор Пирмухаммадзода

Журналист жана блогер Абдусаттор Пирмухаммадзода экстремизмге айыпталууда. Аны 9-июлда Вахдат шаардык ички иштер  башкармалыгынын кызматкерлери кармашкан. Туугандары анын күнөөсүз экенин билдиришүүдө.

Буга чейин Пирмухаммадзодага каршы “экстремисттик ишмердүүлүктү ишке ашыруу үчүн чакырык жасоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгону айтылган. Бул беренеде 3төн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Журналист Абдусаттор Пирмухаммадзода 19-июлда милиция кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө айыбы менен камакка алынган.

Буга чейин "Садои Душанбе" радиосунда иштеген Пирмухаммадзода акыркы жылдары такси айдап, блогерлик кылып жүргөн. 2020-жылы ноябрда ал бийлик жумушсуздукка, айып пулдардын жогору экенине жана адамдардын оор жашоо шартына кайдыгер болуп жатканы тууралуу видеокайрылуу жасаган. Анын бул билдирүүсү социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынган.

XS
SM
MD
LG