Маалыматка караганда, 17-июлда Сердар районунда көлөкөдө 50 градус ысык катталып, мал жапырт кырылган.
Бул күндөрү аптаптуу ысык Балкан облусунун тоо этектеринде, Балканабад шаарында, Сердар жана Махтумкул райондорунда катталган. Жекшемби 17-июлда Сердар районунда температура 44 градуска чейин көтөрүлгөн.
“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы ысыктан өлгөн малдын эти жергиликтүү калкка арзан баада сатылып жатканын билдирди.