Маалыматка караганда, Масимовдун мурдагы эки орун басарынын камактагы мөөнөтү да узартылды: Ануар Садыкулов 6-августка, Даулет Ергожин 13-августка чейин абакта болот.
Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчилеринин кылмыш ишине “Өтө жашыруун” деген мөөр басылган.
Карим Масимов өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары мүнөздөлүп келген. Ал атайын кызматтын башчылыгына 2016-жылы дайындалган. Ага чейин, 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары өкмөттү жетектеген.
Масимов Казакстанда жыл башындагы топлоң менен коштолгон наарызылык акцияларына байланыштуу 6-январда кызматтан алынып, ошол эле күнү кармалып, тергөө абагына камалган. Ага алгач “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып тагылган, кийин “бийликти басып алуу” беренеси кошулган.
Өткөн жумада Казакстандын антикоррупциялык кызматы Павлодар облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы, Карим Масимовдун тууганы Нурлан Масимовду Орусия менен чек арада кармаган.