Ссылки доступа

Тажикстан ИИМи камактагы журналистти диний партия менен кызматташууга айыптоодо


Абдулло Гурбати
Абдулло Гурбати

Тажикстандын Ички иштер министрлиги камактагы журналист Абдулло Гурбатини өлкөдө тыюу салынган Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясы менен байланышы бар деп айыптоодо.

Абдулло Гурбати менен блогер Далер Имомали 15-июнда соттун чечими менен эки айга камалган. Абдулло Гурбатиге “Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тажикстан ИИМинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Шоди Хафиззода 19-июлда Абдулло Гурбати Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясы менен кызматташууга шектелип жатканын билдирди.

Абдулло Гурбатинин камалганына бир айдан ашты. Душанбе шаарынын Шохмансур райондук прокуратурасы азыркыга чейин журналисттин камалганы боюнча кеңири түшүндүрмө бере элек.

19-июлда Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын расмий өкүлү Махмуджон Файзрахмонов “Озоди” радиосуна Гурбати эч качан партиянын мүчөсү болбогонун билдирди. “Бул негизсиз жалаа”, - деди ал.

Тажикстанда акыркы айларда жети журналист жана блогер кармалып, камакка алынды.

XS
SM
MD
LG