Ссылки доступа

Казакстанда 150дөй мугалим ипотека үчүн бөлүнгөн акчасын ала албай жатат (видео)


Казакстанда турак жайга насыя бөлүүгө адистешкен мамлекеттик банк жеңилдетилген ипотеканы каржылоого бөлүнгөн акчанын баарын жарым жылда коротуп койду.

Натыйжада 150дөй адам ушул күнгө чейин батир ала албай жүрөт. Алардын баары документ топтоп, алгачкы төлөмдү төлөшкөн. 19-июлда алар “Отбасы банктын” борбордук бөлүмүнө келип, банк каражатты качан бөлөрү, көптөн бери күткөн батирге качан киришери жөнүндө сурашты.

В Казахстане "Отбасы банк" утвердил ипотеки, но денег на это у него нет
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00

Алардын баары Нур-Султан шаарында мугалим болуп иштейт. “Шаңырак” программасы боюнча жеңилдетилген насыя алууга тандалышкан. Мунун алдында мугалимдер бир нече жыл батир алуу үчүн жергиликтүү администрацияда кезекте турушкан. Документ топтоп, алгачкы төлөмдү жана бардык комиссияларды төлөшкөндөн кийин банк аларды дагы күттүрүп койду.

"Батирлер даяр. Биз алардын күрөөсүн төлөп койгонбуз. Соңку баскыч калган. “Отбасы банк” ипотека бербей жатат. Анын эсебинде акча калбай калыптыр", - деди салым ээси Гүлмира Бисембина.

Быйыл "Отбасы банкка" мамлекеттик турак жай программасы үчүн 437,5 млн доллар бөлүнгөн, бирок каражат жарым жылда эле коротулган. Ошол эле маалда банк кардарлардын ипотека боюнча өтүнүчүн кабыл алууну улантууда. Каржы мекемеси жеңилдетилген насыяга уруксат алгандар мурдагы кардарлар төлөгөн каражаттын эсебинен акчасын алышарын айтууда. Бирок бул август айынан эрте ишке ашпайт.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG