Агенттиктин директору Сулаймон Султонзоданын айтымында, тууган-туушкандык учурлары Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо министрлигинде көбүрөөк аныкталган. Маалымат жыйынында кимдир бирөөнүн аты-жөнү айтылган жок.
"Кээ бир мектептердин директорлору жумушка балдарын гана эмес, келиндери менен күйөө балдарын да орноштурган", - деди агенттиктин жооптуу кызматкери Нигора Мукими.
Анын айтымында, Тажикстандын күч түзүмдөрүндө непотизм же кардарларды жек-жаат, дос-тамыр белгилери менен дайындоо фактылары аныкталган эмес.
Эл аралык уюмдар Тажикстанды непотизм жана бийликтин бир колго топтолгону үчүн дайыма сындап келишет.
Ушул тапта Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун жакын туугандары мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинде негизги жооптуу кызматтарды ээлеп турушат. Президенттин тун уулу Рустами Эмомали – парламенттин жогорку палатасынын төрагасы жана Душанбе мэри. Кызы Озода Рахмон – президенттик аппараттын жетекчиси. Башка бир кызы Рухшона Эмомали – Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси. Күйөө баласы Ашрафжон Гулов Тажикстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн жетектейт.