"Учурда Тажикстандын негизги соода өнөктөшү – Орусия. Санкцияларды киргизүү биздин айрым стратегиялык багыттарыбызга, маселен, мунайгаз секторуна таасирин тийгизүүдө", - деди Тажикстандын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабир.
Аткаминердин айтымында, Орусияга каршы санкциялар дан рыногуна да өтө терс кесепетин тийгизүүдө.
Шерали Кабир санкциялар бийликке жаңы рынокторду издөө мүмкүндүгүн да берип жатканын белгиледи. Маселен, мурда өлкө кумшекерди Орусиядан сатып алып келсе, акыркы айлардан бери Индиядан импорттоп жатат.
Расмий маалымат боюнча Орусия менен Тажикстандын ортосунда соода жүгүртүү 2022-жылдын беш айында 50% өскөн. Тажик чиновниктери соода жүгүртүүнүн көбөйгөнүн комментарийлешпейт, бирок Тажикстан Орусияга каршы киргизилген санкциялардан пайда таап жатканын да четке какпайт. Шерали Кабир Орусияга каршы санкциялар киргизилгенден кийин тажик бийлиги өлкөдө өсүмдүк майын чыгарган ишкана курууну чечкенин белгиледи.
Душанбе санкциянын терс таасирин азайтуу үчүн атайын программа иштеп чыкканын айтып, бирок документ жөнүндө кеңири маалымат берген жок.
Ай башында АКШ Борбор Азия өлкөлөрүн, анын ичинде Тажикстанды Орусияга санкциялык тизмедеги товарларды алып өтүп жаткан мамлекеттердин катарына киргизген.