Ссылки доступа

Каракалпакстанда кайрадан интернет өчүрүлдү


19-июлда Каракалпакстанда интернет калыбына келтирилгенден эки саат өтпөй, кайрадан үзгүлтүккө учурады.

Нукустун жашоочулары саат 15:45те интернет иштебей калганын билдиришти. Бийлик бул боюнча түшүндүрмө берген жок.

Күн мурун жергиликтүү басылмалар Нукустагы өз булактарына шилтеме берүү менен Каракалпакстан аймагында интернет-байланышы калыбына келтирилгенин кабарлашкан.

1-2-июлда Нукуста болгон толкундоолордон кийин Каракалпакстанда өзгөчө абал киргизилген. Республика интернеттен ажыратылган.

Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет өзбек бийлигин Каракалпакстанда интернетти бөгөттөөнү токтотууга чакырган.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG