Ссылки доступа

Ак үй: Кремль Украинанын бир бөлүгүн аннексиялап алууга камданууда


Жон Кирби, архив сүрөт
Жон Кирби, архив сүрөт

Орусия Украина аймагынын басымдуу бөлүгүн аннексиялап алуу үчүн фундамент түптөп жатат. Бул тууралуу шейшембиде АКШ президентинин алдындагы Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин өкүлү Жон Кирби билдирди.

Кирби америкалык чалгындын маалыматтарына таянуу менен орус бийлиги Херсон, Запорожье жана Донбассты бүт бойдон Орусиянын бир бөлүгү катары жарыялоого ниеттенип жатканын айтты. Ал Москванын Украинадагы аракетин Крымда болгон окуялар менен салыштырды.

"Орусия Украинанын өзү көзөмөлдөгөн аймактарында жооптуу кишилерди мыйзамсыз дайындап жатат. Биринчи кезекте бул кишилер жасалма референдумдарды өткөрөт. Андан соң Орусия бул референдумдарды пайдалануу менен Украинанын суверендүү аймагын аннексиялап алууга аракет жасайт", - деди Кирби.

Ак үй өкүлүнүн айтымында, чалгын кызматынын мурдагы божомолдору Орусиянын ниеттерин тастыктап жатканын, аннексияга багытталган аракет макулдашылганын жана стартегиялуу экенин билдирди.

"Аймакты күч менен аннексиялап алуу аракети БУУнун Уставын одоно бузуу болуп эсептелет жана жазасыз калбайт", - деди Кирби. Ал Кремлге карата жаңы жана катаал санкциялар киргизилерин белгиледи. Жакын арада Украинага HIMARS системалары жөнөтүлөрү жарыяланат.

XS
SM
MD
LG