Министрдин маалыматына караганда, 2016-жылдан бери аскердик бөлүктөрдү техника менен камсыздоо үчүн "Казахстан Парамаунт инжиниринг" компаниясынан 138 даана "Арлан" брондолгон автоунаалары сатылып алынган.
Жакысылыков мажилис депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып: “2022-жылы дагы 10 "Арлан" брондолгон техникасы алынса, 2023-жылы 20 "Арлан" сатып алуу пландалууда. Муну менен куралдуу күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн сатылып алынган "Арлан" машинелеринин саны 168ге жетет. Алардын жалпы наркы 82 миллиард теңгеден ашат", — деди.
“Арлан” брондолгон унаалары Казакстандын куралдуу аскер бөлүктөрүнө 2016-жылы жеткириле баштаган. Казакстан түштүк африкалык Paramount Group концерни менен келишим түзгөн. Ал жакта бул автомобиль Marauder деп аталат. Брондолгон унаанын бул түрү Казакстандан башка Азербайжан, Алжир, Иордания, Конго армиясында да бар.