2021-жылдын жарым жылында Өзбекстандан Кытайга көгүлтүр отунду экспорттоо акчалай жактан 2,2 эсеге көбөйгөн. Экспорттун көлөмү айтылбайт.
Өзбекстан Кытайга газ жеткирген алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди. Түркмөнстан алты айда 4,51 миллиард долларга газ экспорттоо менен бул тизмеде лидер бойдон калууда. Бул сан былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көп.
Экинчи орунга Орусия чыкты. Ал газ сатууну дээрлик үч эсеге – 1,65 миллиард долларга көбөйттү. Андан соң Мьянма (616 миллион доллар), төртүнчү орунда Казакстан (531 миллион доллар) турат.