Ссылки доступа

Каракалпакстанда өзгөчө абал режими алынды


21-июлдан тартып Каракалпакстан аймагында өзгөчө абал режими жоюлду.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев республиканын Жогорку Кеңешинин кайрылуусун жана аймакта коомдук тартиптин калыбына келгенин эске алуу менен өзгөчө абал режимин мөөнөтүнөн мурда жоюу боюнча жарлыкка кол койду.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары президенттен Каракалпакстанда өзгөчө абалды жоюуну жана толкундоолорго катышы жок жарандарга ырайым берүүнү сурашкан.

Каракалпакстан автономдуу жумуриятынын борбору Нукуста демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышканда 18 киши каза тапты, 243 киши, арасында 38 тартип коргоочу жарадар болду. 516 киши кармалган, кийин бир нечесин кое беришкен.

Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган эле.

Бийлик нааразылык акцияларын күч менен басып, кошумча аскерлер киргизилген. Аймакта августтун башына чейин өзгөчө абал жарыяланган.

XS
SM
MD
LG