Ссылки доступа

Караганды облусунда шахтерлор иш ташташты


20-июлда Караганды облусунун Шет районундагы “Акжал” кенинде “Нова цинк” компаниясынын жумушчулары иш ташташты. Алар маянаны 50% көбөйтүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришти.

Шахтерлор жасаган иштери бааланбай жатканын, аз маяна алышарын, эмгек шарты начар экенин билдиришүүдө.

"Маянаны көптөн бери көбөйтүшө элек. Бул жөнүндө көптөн бери айтылып жүрөт. Былтыр да айтылган. Буга чейин айрым цехтерде иш таштоо болгон. Натыйжа жок. Жарым жыл бою жакшы маяна жана жакшы жумуш шартын убада берип жүрүштү. Азыр бардык жумушчу нааразылыкка чыкты. Маянаны 50% көбөйтүүнү талап кылып жатабыз. Эмгек шартыбыз өтө начар", - деди кенчилердин бири.

Караганды облустук акимчилиги жумушчулар менен сүйлөшүү өткөрдү. Акимчилик уюштуруу маселелери боюнча келишимге келишкенин, калган маселелер 3-августка чейин чечилерин кабарлады.

Өндүрүш ишканалары көп жайгашкан Караганды облусунда жумушчулардын иш таштоосу дайыма болуп турат. Алар эмгек шартын жакшыртууну, маянаны жогорулатууну талап кылышат.

XS
SM
MD
LG