Ссылки доступа

Эмомали Рахмон чөлкөмдү туруксуздаштырып жаткан күчтөр тууралуу айтты


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азия лидерлеринин жыйынында сөз сүйлөдү. Ал аймактагы акыркы окуялар ар түрдүү күчтөр чөлкөмдү туруксуздаштыруу планын улантып жатканынан кабар берерин айтты.

Анын билдиришинче, соңку окуялар айрым күчтөр түрдүү ыкмалар менен, анын ичинде соцтармактар аркылуу жарандарды акцияларга катышууга түртүп жатканын көрсөттү. Буга байланыштуу тажик лидери чөлкөмдөгү өлкөлөр абалга дайыма байкоо жүргүзүп, алдын ала аракет жасооого тийиш деп эсептейт.

Эмомали Рахмондун пикиринде, эң эле олуттуу коркунуч Борбор Азияда диний радикализм болуп жатат. Ал салафизм менен ваххабизмдин позицияларынын бекемделишин эң опурталдуу тенденциялар деп атады.

“Соңку окуялар диний радикалдар жана экстремисттер биздин коомдо кандай гана каршылык потенциал болбосун, аны өзүнүн арам максаты үчүн пайдаланууга кудуреттүү экенин көрсөттү”, –деди Тажикстан президенти.

Тажикстан бийлиги Тоолуу Бадахшанда 18-майда нааразылыкка чыгып, жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Кагылышуудан 16 киши өлүп, 220сы кармалган.

Январда Казакстанда болгон толкундоолордон кеминде 238 киши мерт кеткен, Өзбекстандын Каракалпакстан автономдуу республикасында 18 киши өлгөн. Бардык жерде бийлик нааразылыкты күч менен баскан.

Үч өлкөдө тең нааразылык учурунда байланыш, интернет чектелип, чек аралар жабылган. Бийлик толкундоолорду четтен “үчүнчү күчтөр” уюштуруп жатканын айтып келет.

XS
SM
MD
LG