Ссылки доступа

Нур-Султанда өзүнө өрт коюуга аракет жасаган киши беш суткага камалды


20-июлда Нур-Султан шаарынын тургуну Жогорку соттун имаратынын алдында денесине бензин чачып, өзүн өрттөмөк болду.

Ал “Майда бейбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, беш суткага камалды. Бул тууралуу Нур-Султан шаардык соту кабарлады.

Өзүн өрттөмөк болгон киши ушул тапта Түркстан облустук сотунда каралып жаткан кылмыш ишинде жабырлануучунун агасы болорун айткан.

Казакстанда өзүн өрттөөгө аракет жасап, нааразылык билдирген окуялар байма-бай кездешет. Апрелде каржы пирамидасына алдандым деген Алматы тургуну өзүнө өрт коюп, оор абалда ооруканага жеткирилген. Ушул эле айда сот чечимдерине нааразы болгон кишилер бир нече күн Казакстандын Жогорку сотунун имаратынын алдында түнөшкөн. Акция катышуучулары кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Аларды бир нече сааттан кийин кое беришкен.

XS
SM
MD
LG