Ссылки доступа

Казакстанда балдардын жайкы эс алуусу беш күнгө кыскарат


Казакстандын Агартуу министрлиги балдардын жайкы эс алуусун кыскартуу жана окуу жылын эки аптага узартуу боюнча маалыматка тактоо киргизди.

Министрлик эксперттер бир нече жолу окуу жылын 20-25-июнга чейин узартып, жаңы окуу жылын 20-августта баштоону сунушташканын билдирди. Муну алар Казакстанда каникул өтө узак – жалпысынан 130 күн экени, көп өлкөлөрдө бул мөөнөт 80-100 күндөн ашпай турганы менен түшүндүрүшкөн.

Психолог, ата-энелер жана педагогдордон турган жумуш тобу муну колдогон эмес, анын ордуна альтернативдүү сунушту иштеп чыккан: окуу жылы мурдагыдай эле 1-сентябрда башталып, 31-майга чейин уланат. Натыйжада жайкы эс алууга чыгуунун айырмасы болгону 5 күндү түзөт.

“Балдар жай бою – 1-июндан 1-сентябрга чейин эс алышат ”, – деди мектепке чейинки жана орто билим берүү комитетинин төрайымы Гүлмира Каримова.

Ведомство билим берүүнүн сапатын окуу жылын узартуу менен гана эмес, окуу жүктөмүн кыскартуу, окуу программаларын кайра иштеп чыгуу, адистердин квалификациясын жогорулатуу менен да жакшыртууну пландап жатканын белгиледи.

Күн мурун Казакстанда окуу жылын эки аптага узартуу пландалып жатканы айтылган. Документке ылайык, 1-класстарда окуу жылы эми 35 аптага созулат. Азыркы эрежеде 33 апта деп көрсөтүлгөн. Министрлик калган класстарда окуу жылын 36 жума деп белгилөөнү сунуштоодо (азыр 34 апта).

Буйруктун долбооруна караганда, күзүндө окуучулар 7, кышында 9, жазында 9 күн эс алууга чыгышат. 1-класстардын окуучулары кышында кошумча дагы 7 күн эс алат.

Министрлик жайкы каникулду кыскартуу балдардын мурунку жылы алган билимин унутуп калуу тобокелчилигин азайтат деп эсептейт.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG