Ссылки доступа

Карагандыда нааразылыкка чыккан кенчилер жетекчиликке 3-августка чейин мөөнөт берди


Караганды облусунун Акжал кениндеги “Нова цинк” компаниясынын нааразылыкка чыккан жумушчулары жетекчиликке бир катар талап коюшту.

Алар бул талаптардын 3-августка чейин аткарылышын сурашууда. Маселе оң жагына чечилбесе, алар тынч митинг өткөрүүгө арыз жазууга белсенишүүдө. Компания окуя боюнча түшүндүрмө бере элек.

— Башкы талаптар: айлык акыны 50 пайызга көбөйтүү, техникалык директорду, персоналдар менен иштөө боюнча директорду жана эмгек бөлүмүнүн башчысын иштен алуу. Бөлүмдөрдө айлык акы өтө төмөн, эмгек шартыбыз өтө начар, директор ишти жөндөй албайт, эл менен иштебейт, мамилебиз начар. Директорлор башка жактан келгендер. Алардын мамилеси бизди канааттандырбайт. 3-августка чейин бул маселелерди чечип берүүнү талап кылабыз, — деди жумушчулардын бири.

“Нова Цинк” ишканасы Карагандыдан 200 чакырым аралыкта жайгашкан. Ал Акжал кенинде цинк жана коргошун казат. Ал жакта 17,7 миллион тонна кен бар.

Ишканада миңден ашуун киши иштейт. Жумушчулардын басымдуу бөлүгү Шет районунун тургундары.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG