Ссылки доступа

Кыргызстан менен Тажикстан бир жылда чек аранын 80 чакырымын тактады


21-июлда Кыргызстан менен Тажикстан президенттери Эки тараптуу кызматташуу маселелерин комплекстүү кароо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишин активдештирүү макулдашканын билдиришти.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972-987 чакырымды түзөт, анын ичинен 664ү такталган. Такталбаган тилкелер кагылышуу жана жаңжалдын себеби болууда.

Тажикстан бийлиги акыркы жылы Кыргызстан менен 80 чакырым жер такталганын билдирди. Кеп мамлекеттик чек аранын кайсы линиясы жөнүндө болуп жатканы айтылган жок.

Тажикстандын жерге жайгаштыруу жана геодезия комитетинин төрагасы Ориф Хожазода 20-июлда бийлик коңшу мамлекет менен чек ара чырын тез чечүүнү каалап жатканын айткан.

“Бизде да жүрөк бар, чынында чек арада жашоо жеңил эместигин түшүнүп турабыз. Ошондуктан бул маселени чечүү үчүн бардык аракетти көрүп жатабыз”, - деген ал.

Ар кыл булактардагы маалымат боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970тен 987 чакырымга чейин экени айтылат. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон быйыл апрелде Исфарага жумуш сапары менен барганда эки өлкө ортосундагы 987 чакырым узундуктагы чек аранын 663,7 чакырымы, башкача айтканда 68,4 пайызы такталганын айткан.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Фейсбуктагы баракчасына: ”“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 км. чек ара тилкеси бар. Анын 664 км. тилкесин такташып бүттүк. 308 км. калды. Албетте, иштер тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок. Бирок менин көз карашымда иштер жай жүрүп жатат. Себеби, бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз”,- деп жазган.

Орифа Хожазода чек ара толук аныкталганга чейин так санды айтуу болбой турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG