Ссылки доступа

Тажикстан: "Амонатбанкта" 20 миллион долларлык зыян аныкталды


Амонатбанк
Амонатбанк

Тажикстандын Эсеп палатасы мамлекеттик "Амонатбанк" банкында 200 миллион сомониден ашык ($20 млн көп) зыян аныкталганын билдирди.

Мекеменин башчысы Карахон Чиллазоданын айтымында, мамлекеттик банктагы бул зыян текшерүү маалында аныкталды.

"Биз текшерүү жүргүзүп, 18 ишти Башкы прокуратурага жөнөткөнбүз. Көзөмөл орган көргөн чаралардын жыйынтыгында жетишсиз акчанын 50 пайызы кайтарылды. Бул сумманын көбүн төлөнбөгөн насыялар үчүн чегерилген айып пулдар түзөт", – деди Чиллазода.

Өз кезегинде банктын жетекчилиги бул көйгөйлөр насыя алып, бирок өз учурунда кайтарып бербеген жарандардын айынан жаралганын белгилөөдө.

"Биринчиден көйгөйлүү карыздар тууралуу документтерди Эсеп палатасына биз өзүбүз бергенбиз. Азыр бизди насыяларды алдын ала текшерүүсүз берип жиберген деп айыптап жатышат. Биз болсо кандай гана каржылык-экономикалык каатчылык болбосун, биринчи кезекте банктарга таасир этет деп атабыз. Анткени банктын кардарларында көйгөй жаралганда алар насыясын өз убагында кайтарып бере албай калышат", – деди банктын төрагасы Сирожиддин Икроми.

Жергиликтүү экономикалык серепчи Пайрав Чоршанбиевдин пикиринде, банк кызматкерлери насыя берүүдө көбүнчө талаптарды толук аткарышпайт.

"Банк кызматкерлери насыя берүүдө дайыма эле бардык талаптарды аткара беришпейт. Досторуна, тааныштарына документтерин, күрөөгө коюлган мүлктөрүн текшербестен эле насыя бере беришет. Бул банк кызматкерлеринин күнөөсү", – деди Чоршанбиев.

Тажикстандын Эсеп палатасы өткөн жылы да "Амонатбанкта" 41 млн сомони өлчөмүндө каржылык көз боемочулук аныкталганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, бул сумма кардарлардын жеке эсебинен алардын уруксаты жок эле чыгарылып кеткен. Анда да "Амонатбанктын" төрагасы бул көз боемочулукту Эсеп палатасы эмес, ички аудит аныктаганын билдирген.

"Амонатбанк" – бюджеттик кызматкерлерге айылык акы жана пенсия төлөнгөн Тажикстандагы ири банк. Өлкө боюнча анын 75 филиалы жана 546 тейлөө борбору бар.

XS
SM
MD
LG