Ссылки доступа

Нарын: облус башчысы Жетим-Тоо тууралуу пикирин билдирди


Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешoв Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча эч кандай сөз жок экенин айтты.

Президенттин облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Эргешев бул тууралуу 21-июлда Ат-Башы районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирген.

"Жетим-Тоо - бул элдин байлыгы. Кенди иштетүү боюнча эч кандай сөз жок", - деди Эргешов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-апрелде "Азаттыкка" курган маегинде Кумтөрдөн түшкөн кирише башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирген.

Жергиликтүү айрым тургундар аталган кенди иштетүүгө каршы чыгып келишет.

Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министр болуп турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген.

XS
SM
MD
LG