Сулейменовдун айтымында, 22-июлга караган түнү белгисиз адамдар анын бешинчи кабаттагы батиринин терезесине таштарды ыргытып, айнектерин талкалап кетишкен.
"Чакыруу менен келген полиция кызматкерлери окуя болгон жерди карап кетишкен. Бирок бир канча убакыт өткөндөн кийин 1414 кызматынан менин арызым "каралбай турганы жөнүндө" СМС-билдирүү келди. Эч кандай себептерин түшүндүрүшкөн жок", – деди укук коргоочу.
Нур-Султан шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматы журналисттерге бул окуя боюнча маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
45 жаштагы Жасулан Сулейменов окуяны өзүнүн укук коргоочулук ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Студенттик кезинде көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен Сулейменов биринчи топтогу майып. Ал 2011-жылы "Терроризмди пропагандалоо", "Терроризм актысын жасоого чакырык кылуу" жана "Террордук топту уюштуруу" беренелери боюнча сегиз жылга соттолгон.
2017-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Сулейменов камакта отурган кезде кыйноого кабылганын билдирген. Бирок казак укук коргоо органдары бүгүнкү күнгө чейин бул боюнча иликтөө жүргүзө элек.
Жасулан Сулейменов Башкы прокуратуранын демилгеси менен май айынан бери анын кыйноолор тууралуу арызы карала баштаганын билдирди.
— Тиешелүү органдар менин кыйноолор тууралуу арызымды карай баштаган сайын ушундай окуялар болуп жатат. Май айында мени артыман аңдып жүргөн автоунаа сүзүп кеткен. Ошондуктан мунун баарын мени коркутуу аракети деп эсептейм", – деди укук коргоочу.
Бүгүнкү күндө Сулейменов мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоодо. Ал бардык мекемелерде майыптар үчүн пандустарды орнотууну талап кылып келет.