Ссылки доступа

ЕРӨБ Орусиянын аймагын кыйгап өткөн темир жолду өнүктүрүү үчүн Казакстанга насыя берди


Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) "Казакстан темир жолу" улуттук компаниясынын облигацияларына 50 миллиард теңге инвестиция салат.

Бул каражат компаниянын "каржы жана операциялык туруктуулугун жогорулатууга", ошондой эле "Европа менен Азиянын ортосундагы жүк ташуучу альтернативдүү каттамды модернизациялоого" багытталат.

ЕРӨБдүн маалыматына караганда, банк "Казакстан темир жолунун" облигацияларын чыгарууга 50 миллиард теңге инвестиция салат. Алар Казакстан фондулук биржасында катталат.

"Казакстан темир жолунун" баалуу кагаздарын чыгарууга инвестиция салуу менен ЕРӨБ ири ата мекендик компаниянын туруктуулугун жогорулатат. Мындан тышкары бул аймактык жана эл аралык байланыштарды, сооданын коопсуздугун жакшыртууга жардам берет. Анткени бул долбоор Кытай-Европа багыты боюнча жүк ташуучу темир жол каттамдары үчүн чыныгы альтернативдүү каттамды сунуштайт", – деди ЕРӨБдүн Казакстандагы өкүлү Хусейн Озхан.

"Казакстан темир жолу" жаңы капиталды Транскаспий эл аралык транспорттук каттамдын айланасындагы негизги инфраструктураны модернизациялоо үчүн пайдаланышы керектиги айтылууда. Бул каттам Орусияны айланып өтүп, Европа менен Азиянын ортосундагы транзиттик темир жол ташуулары үчүн альтернатива болуп эсептелет.

Жакынкы убакка чейин Кытай менен Европа биримдигинин ортосундагы жүк ташуу каттамы Казакстандын, Орусиянын жана Беларустун аймагы менен өткөн Түндүк коридор аркылуу ишке ашып келген. ЕРӨБдүн маалыматына караганда, акыркы кездери эл аралык жүк ташуучулар Орусиянын аймагын айланып өтө турган альтернативдүү каттамдарды издей баштагандыктан, Казакстанды Каспий деңизи аркылуу Азербайжан, Грузия жана Түркия менен байланыштырган Транскаспий эл аралык транспорттук каттамга болгон суроо-талап кыйла өстү.

"Казакстан темир жолу" 16 чакырымга созулган темир жол түйүнүн башкарат жана 1 720 локомотивге жана 46 200 жүк ташуу вагонуна ээлик кылат.

Украинага басып киргени үчүн Батыш Орусияга санкция салгандан бери Казакстанда альтернативдүү логистикалык маршруттарды түзүү чакырыктары көбөйдү.

Июлдун башында Каспий куур консорциумунун иши убактылуу токтойт деген кабардан кийин казак президенти Касым-Жомарт Токаев мунайды ташуу жолдорун диверсификациялоо зарылдыгын белгилеген.

XS
SM
MD
LG